Баластан дүйнөсүндө

Бирге окуйбуз

Бүгүнкү күндө балдар көбүнчө ар кандай анимациялык фильмдерге, компюьтердик оюндарга , интернетке кызыгышат. Мунун кесепетинен алар китеп окуудан алыстап калганы байкалат. Улуу ойчул Белинский “Адамдар китеп окууну таштаса, алар ой ойлонуудан да калат” – деп айтканы бар. Демек китепке кызыкпаган, китеп окубаган балдар жетиштүү билимге ээ боло албайт. Бирок ар бир эле ата-эне өз баласын тартиптүү, билимдүү болуп чоңоюшун каалайт. Муну ишке ашыруунун эң жөнөкөй жолу үй бүлөбүз менен бирге күн сайын китеп окуу.

Ошондуктан Коомдук биринчи канал, Кыргызстандагы Ага Хан фондунун демилгеси менен үй бүлөлүк “Бирге окуйбуз” шоу программасын жалпы көрөрмандарга сунуштайт.

Таалимтай

“Келечек” студиясы жана ” Баластан” каналы аркылуу “Таалимтай” көрсөтүүсү эфирге чыгып жатат. Балдарга арналган бул телекөрсөтүү жуманын ишемби, жекшемби күндөрү эфирге чыгат. Көрсөтүүнүн негизги максаты: балдарга кыргыздын канына, кыргыз менталитетине ылайык келген таалим- тарбиялык мааниге ээ сюжеттер берилет. Алардын бардыгы юмор, күлкү менен коштолуп турат.

2014- жылы телекөрүүчүлөрдү сурамжылоонун натыйжасында, “Таалимтай” көрсөтүүсү КТРК боюнча биринчи орунду ээлеп «Мыкты долбоор» деген наамды жеңип алган. Жыл аягында Таалимтай көрсөтүүсү беш жашка чыгат.

Таалимтай телекөрсөтүүсүнө катышкан балдар кастинг (тандоо) аркылуу алынат.

“Манас таануу” интеллектуалдык таймашы

Жалпы көрүүчүлөргө жана окуучуларга “Манас” эпосу тууралуу кеңири маалымат берүү, кыргыз элинин тарыхын үйрөтүү, элибиздин улуулугун, касиетин, бийиктигин, даңазалоо, балдарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында Коомдук биринчи каналдын “Келечек” студиясы республикалык алкакта “Манас таануу” интеллектуалдык таймашын (конкурс) даярдап эфирге чыгарып келет.

Күн балдары

“Күн балдары - бул ыр-бийге шыктуу, таланттуу өспүрүмдөрдүн катышуусундагы концерттик программа.

Программа ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү Коомдук биринчи каналдын эфиринен көрсөтүлөт.

Баарын билгим келет

«Баарын билгим келет» көрсөтүүсүнүн максаты бала бакчадан баштап мектеп курака чейинки балдарды туура жолго үндөө, аң сезимин өстүрүү, пайдалуу жана кызыктуу маалыматтарды берүү, балдардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, дүйнөгө болгон көз карашын туура калыптандыруу.

«Баарын билгим келет» көрсөтүүсүнүн ичинде бир нече рубрикалар камтылган. Алсак, «Менин ийгилигим», «Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет», «Сонун ыр», «Тил үйрөнөбүз», «Балдар жанылыктары».

«Менин ийгилим” түрмөгүндө өспүрүмдөрдүн ждетишкен ийгиликтерин тааныштырат. Мисалы бир окуучу кытай тилин мыкты өздөштүрүп, конкурста жеңүүчү аталып, Кытайга барып келди же бир окуучу шахмат боюнча турнирге катышып ийгилик жаратты ж.б.у.с

«Сонун ыр» түрмөгүндө бала бакчадагы бал тилдүү балдар ар кандай темада жаттаган ырларын көркөм айтып беришет. Ыр жаттоо балдардын эс тутумун жакшыртып, туура сүйлөөгө үйрөтөт.

«Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет” түрмөгүндө дүйнөдөгү атактуу инсандардын балалыгы , алар ийгиликке кантип жетишкендиги тууралуу маалымат берилет.

Баарын билгим келет көрсөтүүсү 2011-жылдан бери эфирге чыгып келет.

Алып баруучулар: Дилдедосов Канат жана Камчыбек кызы Калзат