Mass media

"Фабула": Алданган Адахан, адалсынган Акматбек image

13 Янв, 2017 1389

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Фабула" Алданган Адахан, адалсынган Акматбек деген теманын алдында жарык көрдү. Мына кечээ эле “коррупция”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” сыяктуу оор айыптар коюлуп, коррупцияга шектелип кармалып, анан ар түркүн айла-амал менен айып пул төлөө аркылуу кутулган Акматбек Келдибековдун  президенттикке ат салыша турганы маалым болду. Учурда Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан кеңседе өзүнүн республикалык шайлоо штабын ачып, өлкөнүн түндүк аймагын мурдагы УКМКнын жетекчиси Таштемир Айтбаев, түштүктү ЖКтин депутаты Улукбек Ормонов тейлей турганы, коррупция боюнча айыпталып камалып, айып пул төлөп чыккан Нариман Түлеев Бишкек менен Нарынга кошумча күч-дем катары жардам берээрин маалымат булактары жазып чыкты дегенди бүгүн Фабула дал ушул баш макаласына батырды. Ошентип президенттик тактыны көздөп бириккен Мадумаров, Ташиев Келдибековдун тар аймактын кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылар экенин, үчөөнүн жолу шайлоого жетпей айрылаарын эчак айтып чыгышкан. Мына ошол айтылган божомолдор чындыкка айланып жатат. Ахмат өз алдынча штаб ачып чамынып жатканын Адахан Мадумаровдун кабары жок экен. Бул туурасында Адахан мырза ким айтып жатат, биринчи жолу угуп жатам деп күйүп бышты. Сыягы алданып калганын аңдап, ичинен түтөп жатса керек дейт бул макала. Кененирээк аудиодо баяндалат.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз