Коом

Жарандар соттолбогондугу тууралуу маалыматты ыкчам убакытта алса болот image

14 Янв, 2017 1314

Эми жарандар соттолбогондугу тууралуу маалыматты ыкчам убакытта ала алат. Кылмыш жасабагандыгын аныктап турган күбөлүктү алуу арызы электрондук тутумда ишке кирди. 

Арыздарды кабыл алуу мамлекеттик төлөм терминалдары же emvd.gov.kg порталы аркылуу ишке ашат. 

Учурда атайын терминалдар Разаков көчөсүндөгү арыздарды кабыл алуучу иш бөлмөдө орнотулган. 

Алдыда министрлик терминалдарды шаардын ар кайсы аймактарына да орнотууну пландоодо. Жарандар арыздарды электрондук түрдө толтуруп, төлөм шарттарын да аткарышат. 

Бул тутумдун ишке кириши жарандардын убактысын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз