ММК

Фабула: криминалдык топтун мүчөсүн коргоого алган Оторбаевдин башы орундабы? image

17 Янв, 2017 503

Басма сөзгө баяндама

"Фабула"

Авиакырсык кыркка жакын адамдын өмүрүн алган кечээ күнкү оор окуядан "Фабула" баштады. Орду толгус жоготууну жазып, бүтүндөй журттун башына кайгы салган мындай оор жоготуу экинчи кайталанбасын деп гезит жамааты кайтыш болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул сандан мындан тышкары Омбудсмен Кубат Оторбаев криминалдык топтун мүчөсү болгон К.Аскаровду коргоого алып жаткан Оторбаевдин башы орундабы, учурдагы акыйкатчы мурдагы омбудсмендердин жолоюна түшүп алгансыды деп жазылганды, Байболов президентикке кимди таптап жатат дегенди, Орусия Батукаевди Кыргызстанга өткөрүп берет дегенди, мен алчу наам сыйлыктар алдыда, биринчи наамды эл берсин. 

Кудай ден соолук берсе, жетишкендиктер ийгиликтер алдыда деп айткан Кайрат Примбердиевдин маегин окуй аласыздар. Алдыңкы бетинде тизиле жүрчү саясий темалар Текебаевдин “сентябры” аша чаап баратат, Сыдыковдордун кланы каптады, Чолпон айым утулдубу, же тутулдубу? Соцфонддогу жемкорлуктун учу Абулгазиевге такалабы? Аялын башкара албаган Ахмат ажо болом дейт, Кунакунов кууланып жатабы же УКМК кууратып жатабы, Шайылдабекованын шалаакылыгы  деген аталышта орун алды. 

Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз