Кырсык

Учак кырсыгынан жабыр тарткан 13 жаран шаардагы ооруканада дарыланууда image

18 Янв, 2017 1519

16-январь күнкү авиа кырсыктан жабыр тарткан 13 жаран шаардагы ооруканаларда дарылануудан өтүп жатышат.  

Алардын  жетөөсү 17 жашка чейинки балдар. Алар Бишкек шаардык №3- тез жардам балдардын  клиникалык  ооруканасына  жаткырылган.  

Дарыгерлер  балдардын абалы  бүгүнкү  күндө  канааттандырарлык, 8 баланын  бирөөнүн буту сынып, экинчисинин  омурткасы  кокустагандыгын билдиришти. Калгандарынын  мээси чайкалган. 

Мындан сырткары,  оорулууларга  психологиялык жардамдар берилип жаткандыгы да маалым болду.  

Ал эми ата-энеси, бир тууганынан  айрылган  жети жаштагы  бала  чоң ата, чоң энесине  тапшырылгандыгын  саламаттыкты сактоо министрлигинен  кабарланды. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз