Саясат

Тынчтык Шайназаров: Мыйзам бузгандар жазаланбай эле кызматынан жогорулап жатат image

19 Янв, 2017 1912

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көргөн Азия Ньюс “Пул чыккан жерден машкеге айланган Курсан Асановбу деген теманы алдыңкы бетине койду.  Алгачкы бетинен орун алган Казакстандын президентинин небереси Айсултан Назарбаевдин Фейсбук баракчасында Казакстандагы жогорку даражалуу чиновниктердин камакка алынышы боюнча билдирген пикирин окуй аласыздар. Анда казак лидеринин небереси ал камалгандарга “эл душмандары” деген баасын берип, “президенттин командасында көп эле кишилер иштейт, алардын көпчүлүгү профессионалдар. 

“Эл душманы” деген эски сөз азыр эч жерде колдонулбай калган бирок бул сөз жогорку эшелондогу уруу чиновниктерге куп эле жарашат себеби алар бири-бирине эле эмес элге зыян келтирип жатышат. Таятамды жакшы билгендиктен, мен так кесе айта алам: бул оор жумушту Масимов Казакстандын президентинин тегерегин толук тазалап бүткөнгө чейин жасайт деп айтылат казак президентинин небересинин пикиринде.  

Маалымат үчүн айта кетели. Айсултан Назарбаев-Дарига Назарбаева менен Рахат Алиевдин кенже уулу . 1990-жылы туулган. Британиянын аскер академиясын бүтүргөн. Өзүнүн жазганына караганда, студент кезинде “Бириккен Королествонун алдыңкы клубдарында ойноп жүрчү. Казакстанга кайтып келген соң “Астана” жана”Сункар” футбол клубдарында ойногон. 2013-жылы  ага улук лейтенант наамы ыйгарылып, Казакстандын коргоо министрлигинин башкы чалгындоо башкармалыгында кызмат өтөгөн.

Азия Ньюстун бүгүнкү санынан Индиядан Аюрвед институтун бүтүрүп, кайып илимин изилдеп таанып,16 жыл ал жакта бир жыл тибеттик кыргыздардын арасында жашаган философия илиминин жана  аюрвед илиминин доктору Жолдошбек Султановдун  учурдагы диний абал тууралуу билдирген ойлорун “Таблиги жамааттын максаты-бийликти колго алуу” деген аталышта тааныша аласыз. 

Анда кыргыз элин ичинен иритип, чоң каржылар менен камсыздап, негизги максаты болгон Ислам мамлекетин орнотуу жана ички карама-каршылыктарды кагыштырып, согуш очогун тутантуу, кыргыздын каада-салтын чанып, фанатизмге берилген жаштар жана карылар булар үчүн жакшы курал болуп бермекчи деп жазылат.Ал эл арасында жаштар менен жолугушуп калган учурда ачыктан-ачык эле радикалдар менен кагылышып калып жатканын, алар эч тартынбай корпой эле коркутуу иштерин жүргүзүп жатышканын, бул боюнча өлкө башчысына, өкмөткө, УКМКга,10-бөлүмгө атайын кайрылуулар менен кат жөнөтүп, тиешелүү чараларды көрүүгө сунуш берип жатышканын, ал иштердин натыйжалары да чыгып жатканын билдирет. 


Биринчи радио, Таалайкүл Сыдыкбекова


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз