Экономика

“Ак-жол” көзөмөл-өткөрмө пунктун оңдоо күтүлүүдө image

25 Янв, 2017 1101

Бул багытта долбоор даярдалып жатат. Бирок, курулушка сарптала турган каражаттын көлөмү так аныктала элек. Маселе бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде талкууланып, ишти сапаттуу жүргүзүү зарылчылыгы белгиленди.

“Ак-жол” көзөмөл-өткөрмө пунктунда чек-арадан өтүү үчүн кезек күткөндөр арбын. Мындан улам курулуш жүргүзүп, ыңгайлуу инфраструктураны колдонуу өкмөттүн алдыдагы маанилүү максаттарынын бири. Бул үчүн 6-7 ай убакыт керектелет. Бирок, аталган жайда курулуш жүргүзүүнү коңшу өлкө да колго алганы турат. Мамлекеттик чек ара кызматы иш эки тараптан тең бирдей башталса талапка ылайык болоорун билдирүүдө. 

Буга чейин Каржы министрлиги төрт көзөмөл-өткөрмө пункттун реконтрукциялоодогу долбоордук-сметалык документтештирүүнү жүргүзүү үчүн 19 миллион сом бөлгөн. “Ак-жолду” жаңылоого жалпы канча каражат сарпталаары белгисиз. Министрлик долбоор толук даяр болсо быйылкы жылдын эсебинен акча бөлүүгө даяр экенин белгиледи.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз