Аналитика

Кыргызстан менен АКШ кызматташтыктын жаңы барагын ачышы мүмкүн image Фото: berlek-nkp.com

12 Фев, 2016 32768

 Вашингтон үзүлгөн мамилени жөнгө салууга кызыктар. Эки өлкө мындан ары кайсы багыттарда алаканы бекемдеши керек деген маселе талкууда.

Кызматташтыктагы жаңы макулдашууну иштеп чыгуу боюнча эки өлкөнүн ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланды. АКШ элчисин парламент төрагасы кабыл алып, жолугушууда аталган маселе тууралуу сөз болду.

АКШ Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш боло алат деген талдоочулардын катарында Карыбек Байбосунов да бар. Ал Американын демократияны шылтоо кылып баш аламандык жарата турган аракеттерин гана четке кагып, пайдалуу кызматташтыкка артыкчылык берүү зарылчылыгын айтат.

Бирок, буга чейин алакага жарака кетирген маселелер эстен чыга элек. Улуттар аралык мамилеге доо кетирди деп абакта жаткан Азимжан Аскаровго АКШ тараптан сыйлык берилиши боюнча Кыргызстандын позициясы өзгөрбөстүгү мамлекеттик катчы Джон Керринин Бишкекке сапарында да белгиленген. Саясат талдоочу Марат Казакпаев кызматташтык жөнгө салынса өлкөгө пайдалуу болоорун белгилейт. Бирок, талаштуу маселени сөзсүз чечүү талап кылынат.

А эгер бул маселелер чечилбесе кызматташтыктын келечеги бүдөмүкпү? Талдоочу Кубан Абдымен эки өлкөнүн позициялары өзгөрүүсүз кала берээрин, бирок кызматташтыктагы жакындашуу өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн жасалаарын боолголойт. Буга геосаясий кырдаалдын өзгөрүүсү себеп болууда.

Ошентип, талдоочулар тарабынан учурдагы кырдаалды эске алганда жалгыз Орусияга гана ыктабастан, батыш мамлекеттери менен да кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл экени көп айтыла баштады. Ал арада президент Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алып, тышкы саясаттагы быйылкы жылдагы артыкчылык бериле турган максаттар талкууланды. Анда да дал ушул батыш өлкөлөрү менен болгон мамиле тууралуу сөз болбой койгон жок. Министр өлкө башчыга Кыргызстан-Европа Биримдиги кызматташтыгы боюнча кеңештин 14-отурумуна көрүлүп жаткан даярдыктарды айтып берди. Президент мекеме башчысын буга чейинки, тактап айтканда 18-январдагы кабыл алуусунда дүйнөлүк саясаттагы чыңалуунун өсүшүн эске алуу менен Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын мындан ары карай өнүгүшү өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына шайкеш болуусу зарыл экендигин белгилеген. Европа Биримдиги өлкөбүзгө аталган уюмга мүчө мамлекеттер менен соода-алаканы бекемдөөгө жол бере турган БПС+ макамын бериши да дал ушул учурда орун алып отурат. Кыскасы ар тараптуу тышкы саясатты ишке ашырууга кадамдар жасалып, ошол эле учурда ага шарт да түзүлүп жаткандай.

Кайсы бир өлкө Орусияга, же Кытайга ыктаса, батыштан баш тартты деген түшүнүк бар. Мунун кайсы бир деңгээлде чындыгы бар экенин дүйнөдөгү түрдүү окуялар тастыктап турат. Ардагер журналист, дипломат Тилектеш Ишемкулов Орусия тараптан гидроэнергетикалык долбоорлордун ара жолдо калышынан пайдаланып, АКШ Бишкек менен мамилени жөнгө салууда жылчык тапты деп эсептейт.

Бирок, Ишемкулов АКШ менен мамилени жакшыртуу Орусиядан биротоло алыстоо дегенди билдирбестигин, Москва өнөктөш бойдон калаа берээрин белгилейт. Вашингтондун сунган колу кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына ылайык келип турса андан баш тартуу мүмкүн эмес деген пикирде.

Калыгул Асамбаев

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз