Экономика

Курулушу токтоп калган социалдык мекемелерди бүткөрүүгө басым жасалат image

1 Фев, 2017 1632

Быйыл курулушу токтоп калган социалдык мекмелерди бүткөрүүгө басым жасалат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев билдирди. Айтымында, 2016-жылы республика боюнча жалпысынан 77 мектеп пайдаланууга берилип,  100 мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. 

Быйыл республикалык бюджеттин тартыштыгын эске алуу менен жалпысынан 327 курулушу токтоп турган социалдык обьектилерди бүткөрүү пландаштырылууда. Анын ичинде 249  республикалык бюджеттен, жетимиш сегизи болсо,  «Жерүй» эсебинен каржылоо каралган. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин ырасташынча, быйыл курулушу токтоп калган социалдык мекмелерди бүткөрүүгө басым жасалат.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз