Саясат

ЖК: Салянованын иши боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды image

2 Фев, 2017 2950

Жогорку Кеңеште "ата мекенчилер" Салянованын иши боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунушташты. Акыркы учурда коомчулуктун талкуусуна алынган Саляновага  байланыштуу кылмыш иши боюнча  парламентарийлер четте турбай маселени комиссиянын алкагында чечүу зарылдыгы айтылууда. Ошол эле учурда төрага Чыныбай Турсунбеков, убактылуу депутаттык комиссия парламенттин комитети же фракциясынын колдоосу менен түзүлөөрүн кесиптештерине эскертти. Бирок, айрым эл өкулдөрү, мындай комиссиялар кылмыш ишин тергөөгө  таасирин тийгизиши мүмкүн деп кооптонууда. 

2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. А.Салянова "юстиция министри болуп иштеп жатканда кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүүдө.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз