ММК

"Де-факто": Текебаев Бакиевдерден жардам алганы кеттиби? image Фото: www

10 Фев, 2017 4395

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көргөн "Кыргыз Туусу" маалымат булактарынын тактап айтканда интернеттин, анын ичинде журналистиканын коомдогу орду, таасири кандай экенин, турмуш  күзгүсү болгон маалымдоо каражаттары, чынында эле турмушту нак өзүндөй,  күзгүдөй тунук көрсөтүп берип жатабы, же “жаман жарасын көрсөтөт” демекчи абалды ырбатып, күчөтүп жиберген учурлар барбы деген маселеге кайрылып, “балдардын өмүрүн сактайлы!” деген максатка багышталган ойлорду "Сөз-өтө күчтүү курал. Эттияттайлы, кесиптештер!" деген макалада жазды. Андан ары серепчилердин катышуусунда сот тутумундагы реформаны  ишке ашыруудагы көйгөйлөр,  аны чечүү жолдору тууралуу өткөн  жыйындагы маалымат  “Соттордун чыгарган  чечимдерин интернет аркылуу чыгарып туруу керек” деген  макалада орун алды. 

Бул санга Жогорку Соттун судьясы Гүлнара Калиева жарандык иштер боюнча жаңы кодекстеги жаңылыктарды айтып берди. Президенттин иш күндөлүгүндөгү жаңылыктар мамлекет башчыга  Бишкек-Кара-Балта автожолунун курулушун баштоого даярдыктар жөнүндө айтып беришкени "Калктын саламаттыгына кам көрүү кандай болууда?" деген тармактын жетекчиси Талантбек Батыралиевди кабыл алган учурдан жана Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алуусундагы  маалыматтар ээледи. 

"Де-фактонун" жаңы саны  Текебаев Бакиевдерден жардам алганы кеттиби деген, Кожоке ишинин аягына чыгабы деген, Бабанов “ Семиз балыкты неге багууда деген  "Өмүркуловдун өйдө кулаган ташы". Оорусу ашынган оппозиция сымактар деген, “туздаганга” эле маш Турускулов деген макалаларды алдыңкы бетине жайгаштырды. 

Таалайгүл Сыдыкбеова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз