Экология

Климаттын өзгөрүүсүнө адамзат өзү күнөөлү image

10 Фев, 2017 2207

Климаттын өзгөрүүсүнө адамзат өзү күнөөлү экендиги эл аралык жаратылышты коргоо уюмдарынын адистери тарабынан айтылып келгендигине бир катар жылдар болуп калды. Глобалдык температуранын жогорулап баратышы  климатта өзгөрүүлөр  болуп жаткандыгынын башкы белгиси. Алар температура  улам жогорулаган сайын суулар азайып, кургакчылык күчөйт. Катуу жааган жамгырдан сел кетип, суу ташкындайт. Эч качан кар жаабаган өлкөлөрдө кар жаап, бороон улуса,  кылымдар бою кум баскан чөлдөргө гүл жайнап өсүп, түбөлүк муз баскан  Арктика  ээрип баштагандыгын мисалга алышат. Табигаттагы мындай өзгөрүүлөрдүн башаты мындан  бир катар  жылдар мурун акырындык менен  белгилүү боло баштап, азыркы кезде анын таасири ачык байкала баштады дешет. 2015-жылы  Чилинин Атакама  чөлүндө көз жоосун алган гүлдөр жайнап чыкса, быйыл кар жаабаган Афганистан, Пакистан жана Араб Эмираттарына  кар жаап, кээ бир мамлекеттердеги катуу бороон жүздөгөн адам өмүрүн  алды. Соңку 20 жыл ичинде  Кыргызстанда да ири табигый  кырсыктар күч алганы  көпчүлүккө маалым. Ата-Мекендик адистер туруксуз аба ырайы  республика үчүн  мүнөздүү, 50 жыл аралыгында кайталана бере турган табигый көрүнүш дешет. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз