Аналитика

Орусия менен батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы талаш ырбады image Фото: www.ftbl.ru

15 Фев, 2016 32768

Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференция Орусия менен батыш өлкөлөрүнүн ортосунда талаш-тартыш менен жыйынтыкталды. Сириядагы абалды жөнгө салууга байланыштуу жетишилген макулдашуулардын аткарыларынан күмөн санагандар  арбын.

Мюнхенде өткөн коопсуздук боюнча конференцияда мурда күтүлгөндөй эле Сириядагы абал өзгөчө талкууланды. Орусиянын Украинадагы кырдаалга катышы тууралуу да сөз болбой койгон жок. Бирок, бул маселе айрым эксперттер баамдагандай Жакынкы Чыгыштагы кризистин көлөкөсүндө калды. Конференциянын алкагында Орусия менен батыш өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү бири-бирине сындарды айтышса, Мюнхенден сырткары да Сирияга байланыштуу түрдүү пикирлер орун алып жатты.

Орус аба күчтөрүнүн  Сириядагы аракеттерине батыш өлкөлөрүнүн нааразычылыгы күч. Террорчулар деген шылтоо менен Асадга каршы күрөшүп жаткан оппозициянын бутага алынганы тууралуу сындар бул ирет да айтылды. АКШ Мамлекеттик катчысы Джон Керри конференциянын алкагында мунаса табылганын билдирет.

-Биздин пикирибизде Орусиянын соккуларынын басымдуу бөлүгү оппозициялык  топторго багытталып жатат. Келишимге ылайык Россия бутасын башка багытка бурушу  керек. Сирияны колдоо боюнча бардык тараптар, анын ичинде Орусия менен да бул  маселенин үстүндө иштөө боюнча макулдаштык.

Ал эми Москва Сириянын оппозициясын терс көз-караш менен карабоого макул. Бирок, батыш өлкөлөрү да президент Башар Асадды душманындай көрбөшү керек. Кремлдин бул позициясы орус тышкы иштер министри Сергей Лавров тарабынан айтылды. Сириядагы Асадга каршы айрым күчтөр Орусиянын соккулары токтомоюнча жана гуманитардык маселелер чечилмейинче сүйлөшүүлөргө катышпастыгын белгилешкен эле. Лавров муну чагымчылдык деп атады.

-Менин пикиримде террорчулардан башка тараптарды, Асадды, анын  оппозициясын да бир жактуу каралоонун кажети жок. Ал эми гуманитардык маселени кызматташтыктын  жардамы менен чече алабыз. Гуманитардык маселелер чечилгиче жана зомбулуктар  токтомоюнча сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлбөстүгү тууралуу айтылгандар жакшы жакка  алып барбаган жол. Ачык эле чагымчылдык.

Конференцияда орус тараптын мындан да олуттуу пикири өкмөт башчы Дмитрий Медведев тарабынан айтылды. Ал НАТО өз өлкөсүнө кастык мамилени күчөтүп жатканын белгилеп, батышта орустар атомдук согушту баштагына жатат деген фильмдердин тартылып жатышын да сынга алды. Сириядагы кырдаалды жөнгө салуудагы сүйлөшүүлөрдө  ар кандай күчтөр автономия, же толук көз каранды эмес өлкө курууну сунуштап жатышканы кабарланган. Медведев Сириянын бүтүндүгүн сактап калуу керек экенин айтып, каршылашуулар улана берсе анын кесепети оор болоорун эскертти.

-Бүтүн Сирия мамлекетин сактап калуу маанилүү. Анын конфессионалдык  принципте чачыранды болушуна жол бербешибиз керек. Ливияга, Йеменге,  Ооганстанга тынчтык суна албай жатабыз. Мындай сценарийдин кесепети эми  бүтүндөй Жакынкы Чыгышта абалды оорлотот. Сирия жана башка кооптуу жерлердеги  абалды жөнгө сала албасак террорчулук дүйнөгө киргизилген согуштун жаңы түрүнө  айланат. Атаандашуунун ордуна кызматташуу керек экенин түшунүш үчүн кантип эле  дагы бир, үчүнчү  дүйнөлүк кагылышуу  керек болсун. Бизге жакшылык каалабагандар да көз-караштардын төп келишпегенине  карабай Россиясыз антитеррордук аракеттер майнапсыз экенин моюндап жатышат.

Медведев ошондой эле Орусиянын Сириядагы активдүү аракетин өз өлкөсүнүн коопсуздугу менен да байланыштырат.

-Орусия жарыяланбагандан сырткары атайын иштерди аткаруу менен  алектенбейт. Биз улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоп жатабыз. Сирияда согушуп  жүргөндөрдүн арасында биздин өлкөдөн баргандар да басымдуулук кылат. Кайра  кайтып келип террордук акыталырда жасоого аракет кылышууда. Алар ошол жерде  калышы керек.

Орус өкмөт башчысынын буга чейин да “дүйнөлүк согуш” тутанып кетүү коркунучун эскерткени бар. Муну ал Сауд Аравиянын  Сирияга кургактан аскер киргизүү максатына байланыштырган. Аталган өлкөнүн Тышкы иштер министри Адаль Аль-Джубейри Эр-Рияддын мындай кадамга барышы мүмкүн экенин дагы бир жолу кыйытты. Ал батыштагы телеканалдардын бирине берген интервьюсунда:

-Мен Башар Асадды алсыз деп эсептейм. Анын кызматтан чегинээри шексиз. Өзү  отставкага кетт же күч менен алынат. Сириянын эли аны башкаруучу катары  кабылдабайт. Кризис саясий жол менен жөнгө салынышы зарыл. Андай болбосо буга  Асад жана анын союздаштары жоопкер. Мындай абалда маселени күч менен чечүүдөн  башка арга жок.

Ок атышууларды бир аптанын ичинде токтотуу тууралуу макулдашуулар Мюнхендеги конференциянын алгачкы күнүндө эле жетишилген. Бирок, анын аткарылышынан күмөн санагандар арбын. Улуубританиянын башкы дипломаты Филипп Хемонд Сириядагы каршылашуулардын токтошу орус президенти Владимир Путиндин гана колунда деп эсептейт. Жакынкы Чыгыштагы абал боюнча Орусия менен батыш гана эмес, мунаса таба албаган башка тараптар да бар. Франциянын Тышкы иштер министрлиги Түркияны Сириядагы күрттөргө сокку урууну токтотууга чакырды. Ал эми расмий Анкара ал азчылыктар таянган күчтү террорчул деп тааныйт. 

Калыгул Асамбаев 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз