Коом

Санариптик, сапаттуу берүүлөргө өтүү жараяны жүрүүдө image

14 Фев, 2017 1028

Кыргызстанда ушул жылдын 15-майынан тарта аналогдук теле берүүлөр өчүрүлөт. Анын ордуна санариптик, сапаттуу берүүлөргө өтүү жараяны жүрүп жатат. Адистердин айткан  маалыматына караганда, Кыргызстан боюнча санарипке калктуу аймактын 95 пайызы  туташтырылган. Калган 5 пайызы бийик тоолордун тоскоолдугу менен кечеңдеп  жатат. 

Мындай айылдардын саны Ош облусунда 112 болсо, азыр алардын саны 6га кыскарды. Мындан ары чакан кубаттуулуктагы автоматтык телечагылдыргычтарга сигналдарды жеткирүү Жалал-Абад облусунун бардык айылдарына, ошондой эле Баткендин айрым жете элек аймактарына жеткирүү иштери аткарылууда. Эске сала кете турган болсок, өлкөдө 2017-жылдын 15-майынан баштап, аналогдук теле берүүлөр өчүрүлүп, сөз кылып жаткан санариптик берүүлөргө өткөрүлөт. Мындайча айтканда, телекөрсөтүүлөрдү жакшы сапатта, тунук экрандан көрөсүз.

Асанбек Пазыл,  " Биринчи радио", Ош шаары


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз