Коом

Окуучунун сабалышы боюнча Билим берүү министрлиги комиссия түздү image

14 Фев, 2017 1863

Москва районундагы Степаненко  мектебинин  6-классынын  окуучусунун сабалышы боюнча Билим берүү министрлиги комиссия түздү. Окуя аталган мектепте 9-февраль күну катталган.  Окуучу кыз учурда ооруканада дарыланып жатат. Абалы  канааттандырарлык. Райондук билим берүү бөлүмү, жергиликтүү бийлик  өкүлдөрү катышкан жыйында  жабыркаган  кыздын дарылануусуна кеткен чыгым төлөнүп берилмей болду.

Учурда  катталган факт  боюнча экспертиза белгиленип, укук коргоо  органдары тарабынан  териштирүу жүрүп жаткандыгын Ички иштер министрлигинен кабарлашты.  Ал арада  билим берүү жана илим министрлиги Москва районундагы мектептеги 6-класстын окуучусунун  классташ кыздары тарабынан сабалышын иликтөө боюнча комиссия түздү. 

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз