Саясат

"Азия Ньюс": Кулматовго эч ким ишенбейби? image

16 Фев, 2017 2233

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Азия Ньюс" тамаша аралаш коюлган “Жезкемпирдин шыпыргысын минсе да, Кулматовго эч ким ишенбейт” деген теманын алдында жарык көрдү. Бул тема гезиттин экинчи бетинде Кукенин кууратмайы керекпи, же Сокенин эмгегиби? деген макалада уланды. Аталган кызматкердин же тактап айтканда КСДПдан талапкер болот экен деген аңыздан кийин бул фигурага баам салып көрөлү дешкен  бүгүнкү "Азия Ньюс". Темага улай чакан маек бар. Ал КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров берген “Аз калды, КСДПдан президенттик шайлоого талапкер чыгат деген аталышта” орун алган. Депутатка КСДП партиясы Кубанычбек Кулматовду  көрсөтүп жатыптыр бирок ал сөздү ошол эле күнү жокко чыгарды, ошондой болсо да “шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дечү эле” мындай сөздөр эмне себептен чыгып жатат деген суроо берилген. Анда башка партиялардагы “президенттикке аттанам” деген, же болбосо аттанып калган кишилердин интригасы же саясый технологиясы болушу мүмкүн деген жообу  жазылат. Жакында эле бириккен оппзициянын жыйыны болбодубу. Ошол жерде “мураскер болбошу керек” деп айтылды. Бул саясий кысым сыяктуу сезилет- деген Зулпукаров “КСДПнын ичинен келечекте талапкер чыкпашы керек” деген сөзбү бу? Мураскер дегенде биз атадан балага калган бийликти түшүнөбүз. 

Бирок Алмазбек Атамбаев бийликти өзүнүн баласына калтырбасын бүт Кыргызстан билип калды. Өзү президент болуп калбасын да билип калышты. Тарыхта Алмазбек Атамбаев биринчи жолу президенттиктен Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөтүн толук кандуу өтөп, башка татыктуу кишиге өткөрүп берет да. Ошондуктан КСДПдан талапкер чыгат. Бул демократиянын негизги принциптерине каршы келбейт. Ошол эле демократиянын атасы эсептелген Америкадагы шайлоолордо көрбөдүкпү, Барак Обама өзү президент болуп туруп, партиялашы Хиллари Клинтонго ачыктан-ачык үгүт жүргүзүп, мактап атаандашы Трампты сындады деп жооп берген. Эң башкысы бийлик башында тургандар таза шайлоону уюштуруп бере турган болсо, эч кандай ызы-чуусуз шайлоо өтөөрүн маегинде белгилейт. 

Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз