Саясат

Бакиевдердин мүлкүн ким саткан? image Фото: www

21 Фев, 2017 6094

Скрябин көчөсүндөгү 45-45 А дарегиндеги контейнерлер жана унаа токтотуучу жайга Баткен Шерниязов ээлик кылары белгиленди. Ал Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Садык Шернияз жана 5-чакырылыштагы  эл өкүлү Болот Шернияздын жакын тууганы. 2010-жылы камакка коюлган Бакиевдердин мүлкү кандай жагдайда камактан чыккан? Буга чейин камактагы 1,28 га жер тилкесине байланыштуу мамлекеттик каттоо кызматынын  жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин тийиштиги бар деп айыпталып, ал убактылуу кызматынан четтетилгендиги маалым.  

Айрым талдоочулар, Сарпашевди садагага чапкысы келгендердин бет кабы ачылгандыгын айтууда. Ал эми укук коргоо органдары бул жагдайды иликтөөгө алды. Талаштуу мүлктүн пайдасын ким көрүп, ага ким ээлик кылып жүргөнүн эми териштирүүлөрдүн жыйынтыгы көрсөтөт.   

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз