Илим жана билим

Чет өлкөдө билим алгың келсе аракет кыл image Фото: tayga.info

16 Фев, 2016 1133

Чет өлкөдөн билим алууну эңсеген жаштар өздөрү аракет кылуусу кажет. Анткени мурун акысыз орундар билим берүү жана илим  министрлиги аркылуу аныкталып келсе, ал эми азыр болсо бул кызматтар элчиликтер аркылуу ишке ашууда.

Эл аралык деңгээлдеги билим алып, мекенине келип мыкты адис болуп эмгектенгиси келген жаштар арбын. Чет тилдерде сүйлөп, алган  тажырыйбасын Кыргызстанда колдонгусу келген дилгир жаштар жок эмес.

Чет жакта билим алган кыргызстандык студенттер көпчүлүгү өз күчү менен кетишет. Алар колдон келишинче гранттык негиздеги орундарга аракет жасашат. Анткени чет өлкөлүк окуу жайларда кесипке ээ болуу арзанга турбайт. Сынак, тандоолордон өткөндөн кийин алар акысыз  билим алып, жатаканага ээ болуп,  стипендия ала алышат. Ал үчүн бүтүрүүчүлөрдөн  жакшы билим  деңгээл, тиешелүү чет тилди билүүсү талап кылынат.

Адистер чет өлкөдө билим алуунун бир топ арчылыктарын айтышат. Алсак алган билими,  тажырыйбасынын аркасында мекенинде алмаштыргыс адис.  Эл аралык деңгээлдеги күчтүү жаштар даярдалып келээрин белгилейт.   

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз