Policy

Самаков Бакиевге 1 миллион доллар бергенби? image Фото: www

22 Фев, 2017 4853

Самаковдун күнөөсү далилденген жок, ага коюулган айыптар ойдон чыгарылган иш. Бул тууралуу мурунку депутат Карганбек Самаковдун иши боюнча өткөн соттук отурумда, анын жактоочусу Учкун Каримов билдирип чыкты. Өткөн жумадагы сот жараянында прокурорлор Самаковду 19 жылга эркинен ажыратууну соттон суранган. Бул жолу адвокаттар өз жүйөлөрүн келтирип, Самаковдун Жаныш Бакиев менен түшкөн сүрөттөгүдөй дипломатка 1 миллион доллар батпай тургандыгын тергөө эксперименти менен көрсөтүштү. Ал эми буга чейин, 16-февралда Самаковду коргоо комитети мурунку депутат эч кандай кылмышкер эмес экендигин айтып, соттон адилет чечим чыгарып берүү өтүнүчүн маалымат жыйында айтып чыкккан эле. 

Жерди мыйзамсыз саткан деп айыпталып, жоопко тартылып жаткан мурунку депутат Карганбек Самаков жана ишке тийешеси бар деген бир катар чиновниктердин айланасындагы чуу 2 жылдан бери бүтпөй келет. Үстүбүздөгү жылдын 14-февралдагы соттук отурумда айыптоочулар Карганбек Самаковдун үй-мүлкүн конфискациялап, класстык чиндерин алып, 19 жылга эркинен ажыратууну суранды. Ал эми 6-чакырылыштын депутаты, ошол убакта өкмөттү жетектеп турган Игорь Чудиновду, мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев жана экс-министр Арстанбек Ногоевди 11 жылга абакка кесүү тууралуу өтүнүчүн келтирген. Ал эми Жаныш Бакиевди 18 жылга темир тор артына кесүүнү прокуролор суранган.

Коомчулуктун эсине салсак, башкы прокуратура  2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча аталган адамдардын үстүнөн иш козгоп, ишти Октябрь райондук сотуна өткөрүп берген – деп билдирет Башкы прокуратуранын өкүлү Нурлан Тагаев.

Сүймөнкул  Идирисов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз