"Жеткиликтүү турак-жай" мамлекеттик программасынын негизинде жарандарга насыя берүүнү баштоо үчүн өкмөттүн токтому зарыл. Учурда тизме даярдалып, тандоо процесси жүрүүдө. Февралдын аягына чейин насыя бериле баштайт. Мамлекеттик ипотекалык компания "РСК Банк" жана "Айыл Банк" менен кызматташуу боюнча келишимге кол койду.