Укук коргоо

Сот тармагын кантип жакшыртса болот? image Фото: www

24 Фев, 2017 30542

Кыргызстанда сот тармагынын сапатын жакшыртуу үчүн Сот адилеттүүлүгүнүн Жогорку Мектеби ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин алдындагы сот реформасы боюнча Кеңештин отурумунда айтылды.

Демилгеленген сунуштарга ылайык соттор кызматка алынарда калпты аныктоочу сынактан өтөт жана судьялардын, алардын жакын туугандарынын телефон байланыштары тыңшоого алынышы керек. Бул маселе кызуу талкууга жем таштап, жарандардын конституциялык укуктары бузулат деген кайчы пикирлер менен коштолду. 

Таза адистерди тандоо максатында судьялык кызматка талапкерлерди калпты аныктоочу сынактан өткөрүү сунушталууда. Мындан сырткары судьяларга талаптар жана жоопкерчилик күчөтүлөт. Эгер сот адамы мыйзам бузса, дисциплинардык комиссия карап, аны кызматтан четтетет. Жумуштан алынган судья мамлекеттик кызматтарда иштей албай турган болот.

Сот системасын реформалоо боюнча сунуштар тууралуу Юридика илимдеринин доктору Турдукан Жумабекова пикир бөлүшөт. Соттун ар бир чечиминин артында адамдын тагдыры жатат. Ошондуктан бул чоң жоопкерчилик экенин ар бир судья билиши зарыл, деген Турдукан Жумабекова бул демилгелерди колдогонун билдирет.

Козголгон маселелер сот реформасы боюнча кеңештин март айындагы отурумунда талкууланмай болду. Ага президент Алмазбек Атамбаевдин өзү дагы катышуусу күтүлүүдө.                            

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз