Айыл чарба продукцияларынан пахтага суроо талап күчөгөнү болжолдонууда image

24 Фев, 2017 1189

Быйыл Ош облусунда дыйкандарды үрөн менен камсыздоо боюнча аракеттер эртерээк жүргүзүлө  баштады. Ал үчүн облустагы 13 үрөн өндүрүүчү мекеме иш алып барып жатат. Жылдагыдан  айырмаланып, быйыл облуста пахта аянтын 2 эсеге көбөйтүү тапшырмасы коюлду. Алдын  ала божомол боюнча пахтадан башка картошка, помидор, тоо балын эки эсеге көп өндүрүү  зарыл болууда. 

Ош облусу боюнча былтыры 7 миң гектарга жакын аянтка пахта эгилип, жыл аягында 18 тонна түшүм өндүрүлгөн. Дыйкандар буланын килограммын 45 сомго чейин сатышкан. Мындан сырткары Бангладеш, Орусия, Иран жана Түркияга экспорт кылышкан. Быйыл ак алтынга чет элден дагы суроо талап күчөп, миң гектарга чейин аянттарды кеңейтүү жагы каралууда. Ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык, картошка, памидор, тоо балын эки эсеге көп өндүрүү зарыл. 

Бул жылы дыйкандар үчүн жер семирткич каражаттарын арзандатуу мамлекеттик деңгээлде коңшу Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдашууда. Азыркы баа боюнча 17-18 сомдон турган каражаттар сүйлөшүүлөрдөн соң 15 сомдон сатылышы ыктымал.

Асанбек Пазыл,  "Биринчи радио", Ош шаары.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз