Спорт

Роналду 11 метрлик айып тобун тээп киргизүү боюнча рекорд жаратты image

27 Фев, 2017 1208

Испаниянын «Реал Мадрид» футболдук клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду өлкө лигасында 11 метрлик айып тобун тээп киргизүү боюнча рекорд жаратты. 

Ла-Лиганын кезектеги турунда Зинедин Зидандын балдары «Вильярреал» менен конокто беттешип, 2-3 эсебинде утушкан. 

Экинч голду Роналду 11 метрлик айып тобунан тээп кийирген. Муну менен Кришти 57 ирет гол киргизди. Бул көрсөткүч боюнча ал легендарлуу мексикалык Уго Санчестен ашып түштү.

Криштиану 2009-жылы Реалга өткөндөн бери 64 пенальти тээп анын 57син киргизген.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз