Коом

Март айы туруксуз болуп жаан чачындын көп болушу күтүлүүдө image Фото: www

28 Фев, 2017 1946

Мындай аба-ырайынын сакталышы  жазгы талаа иштерине тоскоол болушу мүмкүн дешет кыргыздиромет агентигинин адистери. Ал эми эксперттердин баамында жаз айынын алгачкы күндөрүндө жааган- жаан жерди жумшартып талаа иштерин жеңилдетет. 

Кыргызстандын түштүк жана Чуй жергесинин айрым аймагында жазгы талаа иштери башталды. Бирок дыйкандардын айдап себүү иштерине март айында боло турган туруксуз аба-ырайы тоскоол болушу мүмкүн. Себеби жаздын алгачкы  айынын келиши менен күн сууктайт жана 1,2 декадасы жаанчыл болот дейт Кыргызгидромет агентигинин башчысы Зарылбек Иттибаев.

Бегайым Абдыкадырова, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз