Спорт

АФК: "Дордой" - "Хосилот" жооптук беттеши өтөт. image Фото: www

28 Фев, 2017 1332

Бүгүн Бишкектин "Дордой" футболдук клубу Азия футбол Конфедерациясынын Кубогунун экинчи тандоо турунун алкагында Тажикстандык "Хосилот" командасы менен жооптук беттеш өткөрөт. Оюн Душанбе шаарындагы Борбордук стадиондо 17:00дө башталат. Беттешти Бахрейндик Абдулхусайн Мохамед Жамиль Жума башында турган калыстар тобу тейлейт.

Бишкектиктер өз үйүндө алган артыкчылык эсепти сактап калуу үчүн эмес, жеңиш үчүн аракет кыларын машыктыруучу Мурат Джумакеев кечээ оюн алдындагы маалымат жыйында билдирди.

Мурат Жумакеев тажикстандык күйөрмандар өз командасын сүрөөнгө алып, беттеш Дордой үчүн оор болорун белгилейт. Ошондуктан Дордой мындай сыноого алдын ала даярданганын, Бишкектеги биринчи оюндун жыйынтыгын сактоого аракет болорун кошумчалады.

21-февралда Оштогу Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өткөн беттеште кыргызстандык команда 1-0 эсебинде жеңишке жетишкен. Эки беттештин жыйытыгы менен уткан команда АФКнын Кубогунун тайпалык баскычына чыгат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз