Саясат

Россия Кыргызстандын стратегиялык жана ишенимдүү өнөктөшү image Фото: www

1 Март, 2017 1313

 Быйыл Россия менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин калыптанышына 25 жыл толот. Белгилей кетсек, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы калыптана баштаган. Кыргыз-орус мамилеси стратегиялык кызматташтык жана өнөктөштүк мүнөзгө ээ. Мамлекеттердин жетекчилеринин деңгээлиндеги байланыштар аймактык эл аралык уюмдардын  жогорку отурумдарында, ошондой эле эки тараптуу кызматташтык мамилелеринин негизинде ишке ашат.  Аны менен  катар эле парламенттер аралык байланыштар  эки  тараптуу форматта өнүгүүдө. 

Адистердин айтуусунда,  кыргыз-орус мамилелери  өнүгүп , кызматташтыктын бардык деңгээлиндеги саясий диалогдор активдүү уланууда. Алсак, 2016-жылы эле Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Россия Федерациясына атайын сапар менен бир жолу, премьер-министр Сооронбай  Жээнбеков   эки жолу  барып келишсе,  Россия Федерациясынын перзиденти  Владимир  Путин Кыргызстанга  атайын сапар менен бир жолу жана  Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий   Медведев Кыргызстанга атайын сапар менен эки жолу келип кетти. Парламенттер аралык  кызматташтыктын алкагында  ЖКнын спикери Чыныбай Турсунбеков  да Россияга эки жолу барып келгендигин эске  салалы.  

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио" 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз