Экономика

Лабораторияларга Россиядан жабдык түрүндө жардам келди image

1 Март, 2017 946

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери лабораторияларга Россиядан 1 миллион 800 миң АКШ доллары суммасында жабдык түрүндө  жардам келди. Маалыматка ылайык,  жыл соңуна чейин Россиялык гранттын эсебинен 4 миллион сомго чукул  каражат  келери дагы күтүлүүдө. 

Эске салсак, учурда өлкөдөгү лабораторияларды техникалык жактан жабдуу боюнча тиешелүү каражаттар бөлүнүп, аны өздөштүрүү иши жүрүп жатат. Ал арада  Кыргызстандын ЕАЭБке киргендеги дагы бир  жетишкендиги – эмгек мигранттарынын эркиндиги болуп, алардын  абалы кыйла жакшырууда.

2015-жылдын 12-августу Кыргызстандын тарыхында маанилүү күн катары эсте калып, кыргыз-казак чек арасы   ачылып,  өлкө  Евразиялык экономикалык биримдиктин эрежелери менен жашап баштаган. Андан бери өлкөнүн биримдиктин шарттарына ыңгайлашуусу боюнча аракеттер көрүлүп, коюлган милдеттерди аткарууну жакшыртуу  аракети уланууда. Бул багытта эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин алкагында Россия 2016-жылдын аягында Кыргызстанга 1,5 миллион доллардан ашуун каражатка ветеринардык лаборатория жабдууларын берген. Эми мындай жардамдар этап-этабы менен быйыл дагы уланмакчы.
Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз