ММК

"Азия Ньюс": "Атасынын коргоочусу Ай-Данэк Текебаева" image Фото: www

2 Март, 2017 1309

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Азия Ньюс" "Атасынын коргоочусу Ай-Данэк Текебаева" деген теманын алдында жарык көрдү. Ошондой эле алгачкы бетинен саясий төлгө деп, бир курдай кыргыз аткаминерлерин Меркелге тааныштырып жатып Атамбаев “бул менин оң колум” деп Сапар Исаковго өзгөчө көңүл буруунун ишаратын жаратканын ошондон тарта  Сапар мырзанын карьералык өсүшү жогорулап отуруп, акыры президенттин аппарат башчысы болду, мындай кадамдар жөн жерден жаралбайт деп жазылгандарды Сапар Исаковдун секирик  жасашы мураскер  болуунун коңгуроосубу деген суроо менен коюлган макаладан окуй аласыздар. 

Алгачкы бетиндеги майда темалар Оторбаев окчун туруп алып, митинг акмалаганда, Агасы абакта жатса, иниси карьералык секирик жасоодо же Алмаз Кулматов тууралуу, Камактагы Талгарбеков 62 жашты арытты, Чүйдөн президенттик шайлоого жети талапкер аттанууда деген аталышта орун алды. Бул чыгарылышка дагы “Атамбаевди дагы бир мөөнөткө президент кылуу принцибимден тайбайм деп “Манас Ордо”коомунун төрагасы Анарбек Усупбаев маек берди. Тилектештик деп "Азия Ньюс" укук коргоочу Рита Карасартованын “Текебаев менен Чотоновго козголгон иште так далилдер болбосо, саясий куугунтук катары бааланат” деген чакан интервьюсун басты. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз