Коргонуу жана коопсуздук

Россия Кыргызстандан аскер базасын чыгарып кетүүгө даяр image Фото: www

2 Март, 2017 4445

Россия кайсыл учур болбосун Кыргызстандан аскер базасын чыгарып кетүүгө даяр. Бул туурасында 28- февралда Бишкекке расмий иш сапар менен келген Россия федерациясынын президенти Владимир Путин  маалымат жыйынында билдирди.  Жолугушууда  КР президенти Алмазбек Атамбаев менен Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Борбор Азияга коркунуч жараткан терроризмдин алдын алуу боюнча сөз козгошкон. 

Тармактык эксперттер эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын аскерий кызматташттык боюнча ачык пикирлерин кубаттоого алып, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн бекемдөөдө Россиянын колдоосу зор экендигин,   Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмуна таандык  Канттагы аскердик базанын аймактын коопсуздугу үчүн маанисин белгилешүүдө.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз