ММК

"Кыргыз Туусу": Сахарада кыргыз боз үйү тигилди image Фото: www

3 Март, 2017 2344

Басма сөзгө баяндма

Бүгүн жарык көргөн "Кыргыз Туусу" "Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк мамилелер" деген баш макала менен баштады. Бул тема Кыргызстан Россия кызматташтыгына карата Россиянын президенти Владимир Путиндин Борбор Азияга тактап айтканда Казакстан, Тажикстан андан соң кыргыз жергесине келип өлкө президенти менен бирдикте  тар жана кеңири форматтагы жолугушуусу, россиялык менен кыргызстандык журналисттердин суроолоруна жооп берген маанилүү жыйындан даярдалды. Ушул күнү "Кыргыз Туусу" желбиреген деген позитивдүү темалардын үстүндө да  бүгүн гезит сөз кылып, "Шайкеш келген маараке" деген аталышта "Кыргыз Туусунун" желбирешинин 25 жылы, үстүбүздөгү жылдын “Ыйман адеп, маданият жылы” деп жарыяланашы, окумуштуу, педогог Мамлекеттик Туунун жана Бишкек шаарынын Гербинин авторлорунун бири  Сабыр Иптаровдун 60 жылдыгына  ушул мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына шайкеш келип турат деп туунун маани-маңызы, тууралуу авторлунун бири маркум Сабыр Иптаровдун айтып кеткен чечмелөөсүн бүгүн сунуш кылды. Кыска жаңылыктарды топтогон "Кыргыз Туусу"-пресс бурчу Муфтий болууга үч киши арыз бергенин, Быйыл ажыга баруучуларды Сауд Аравиянын “Флай Нас” авикомпаниясы тейлей турганын, Сахарадагы кыргыз боз үй тигилгенин, Илимпоз Анвар Мокеевге экономикалык кызматташтык уюмунун сыйлыгы тапшырылганын, алайлыктарга кар жана жер көчкүдөн сактануу үйрөтүлгөнүн кабарлады. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз