Өзгөчө кырдаал

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөр атылып түшүрүлүүдө image Фото: www

6 Март, 2017 1069

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди. 5-март күнү ӨКМнын ыкчам тобу жетектеген артиллериялык топ, кар көчкүсүн атайылап түшүрүү иш-чараларын жүргүзгөн. 

Анын негизинде Бишкек-Ош унаа жолунда жалпы 36 даана снаряд атылып, 59 миң метр куб кар көчкүсү түшүрүлгөн. Кар көчкүсүн түшүрүү иш-чаралары эми Чүй облусунун аймагында улантылат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз