ММК

Жылдыз Мусабекова: мен үчүн ар бир күн майрам image Фото: www

7 Март, 2017 1455

Басма сөзгө баяндама

Майрамыңыздар менен айымдар!- деп "Кыргыз Туусу" жаңы санын тартуулады. Жаздын кирип келиши менен жаз жыттанган 8-март аялдардын эл аралык майрамы кирип келет эмеспи. Бул майрамды ар ким, ар кандай майрамдайт. Бирине жакшы сезимдерди, эсте кала турган күндөрдү тартуу кылган болсо, экинчиси ошондой күн болот деген үмүт менен тосуп алышат. Мына эртең да ошол көптү күттүргөн  ажайып майрам кирип келгени турат деген бүгүнкү "Кыргыз Туусу" эл көзүнө  көрүнүп жүргөн айымдар бул майрамда эмне белек күтөт? Кандай эсте калган  белек болгон жана майрамды кандай тосуп ала турганы менен кызыгып көргөн. Мисалы, манасчы Ширин Сарыгулова: белек тандабайм, бирок мен  кандай кызмын, стилим, табитим кандай экенин 5 колдой билет жигитим, демек мага жаккан белек берет болушу керек.  

ЖКнын депутаты Жылдыз Мусабекова: мүмкүн бала кезде, кандайдыр бир белек күткөн чыгармын. Турмушка чыгып, бала-чакалуу болгон соң, мен үчүн ар бир күн майрам. Балдарымдын жетишкендиктери, ийгиликтери мен үчүн майрам десе, журналист Эльнура Молдокадырова: Бул майрамды ар дайым күтөм, пландабайм деле. Анткени мен үчүн март келгени эле сүйүнүч, жаз келип, күн ачылып баштайт. Калың кийимдерди чечесиң, чымчыктар сайрап, маанайыңды көтөрөт десе, акын Нуркыз Рыскул кызы:  Атакемдин белеги эсимден кетпейт, башка аялзатындай эле көңүлүмдү көтөрө турган  жагымдуу белек күтөм. Бул күнү баарынан мурда апакемдин көңүлүн көтөрүүнү башкы планга коем деген. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз