Саясат

Айрым жергиликтүү кеңештер таратылышы мүмкүн image Фото: www

17 Март, 2017 2609

Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча республика боюнча ушул күнгө чейин 19  жергиликтүү кеңеш өз алдынча башкаруу органдарынын башчысын шайлай алышкан эмес. Буга кворумдун жоктугу жана көрсөтүлгөн талапкерлердин  тиешелүү добушту ала албай калганы себеп болгон. 

Мунун негизинде президентке айрым жергиликтүү кеңештерди таратып, мөөнөтүнөн мурда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо боюнча  сунуш киргизилмекчи. Ал арада талдоочулар жергиликтүү кеңештин депутаттарынын пикир келишпестиктери дагы буга  таасир берерин эске салышат.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз