Sports

Кыргызстандык тай боксчулар эл аралык мелдештен байгелүү келишти image

21 Март, 2017 2362

Кыргызстандык тай боксчулар эл аралык мелдештен байгелүү келишти. Таиландда өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпиондугунда спортчуларыбыз 2 алтын, 4 күмүш, 2 коло медалга ээ болду. Мелдешке жалпысынан 42 өлкөнүн мушкерлери катышкан. 

Ийгилик менен кайтып келген спортчуларды жакындары кучак жайып тосуп алышты. 67 килограмм салмакта алтын байгени утуп алган Исламбек Байышбек уулунун кубанычында чек жок.

Бирок 17 жаштагы Исламбек Тайландда өткөн дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын желегин желбиреткен жалгыз спортчу эмес. Бул ирет мекендештерибиз олжолуу кайтып келишти. Өлкө куржунунда жалпысынан 2 алтын, 4 күмүш, 2 коло байге бар.

Таиланддагы таймашка спортчулар ата-энелеринин жардамы менен гана барышкан. Эми алдыда Индонезияда өтө турган Азия чемпиондугуна даярдык көрүшөт. Бирок, демөөрчүлөр каражат маселесин чечип беришсе деп үмүт кылышууда.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз