Маданият

“Акын жүрөгү түбөлүктүү өчпөс от” аттуу китеп көргөзмөсү ачылды image Фото: www

30 Март, 2017 2395

29-мартта Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада, кыргыз адабиятынын классиги Жусуп Турусбековдун чыгармачылыгына арналган “Акын жүрөгү  түбөлүктүү өчпөс  от” аттуу китеп көргөзмөсү ачылды. 

Ал кыргыз адабиятынын тарыхында: акын, драматург, котормочу катары калды. Жусуп Турусбековдун чыгармачылыгы мектеп  жана жогорку окуу жайларынын программасына кирген. Эми “Ажал ордуна” драмасын  жаңыртып коюп,       китептерин  кайра басып жаңы муунга даңазалап туруу керектиги белгиленди.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз