Экономика

Ош шаарында газга болгон карызы өскөн жарандар арбын image Фото: www

31 Март, 2017 1349

Ошто элдин газга болгон карызы 19 миллион сомдон ашты. Буга  байланыштуу көп карызы бар абоненттерге “Газпром Кыргызстандын” Оштогу филиалы рейд өткөрдү. Анда көгүлтүр отко көп суммадагы карыз  болуп, бирок төлөбөй жүргөн абоненттердин газ куурлары кесилди. 

Карызы бар көпчүлүк абоненттер газ акысын убагында төлөбөй, натыйжада тууму менен көбөйүп кетет. 

Эске салсак көгүлтүр оттун метр кубу 14 сом 47 тыйынды түзөт. Эки айда төлөнбөй калган карыз үчүн куурлар кесилет. Аны кайрадан туташтыруу үчүн 3580 сом толөшөт.

Асанбек Пазыл,  "Биринчи радио", Ош шаары


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз