Дүйнө жаңылыктары

Колумбияда болгон кырсыктан каза болгондордун саны өсүүдө image Фото: www

4 Апр, 2017 3494

Өлкө президенти акыркы маалымат бергенинде 250дөн ашык адам каза болгонун айтты. 200дөн ашык адам жаракат алып, 500дөн ашык адам атайын коопсуз жайларга көчүрүлдү. Колумбияда 250дөн ашык адамдын өмүрүн алган сел жана жер көчкүдөн кийин издөө иштери жүрүүдө. 1-апрелге караган түнү өлкөнүн түштүк батышындагы Моко́а шаарына жакын жердеги дарыялар нугунан чыгып, эл уйкуда жатканда ондогон турак-жайды баткак суу каптаган.

Жаратылыш кырсыгынын натыйжасында бүтүндөй турак жайлар жер көчкүнүн алдында калып, куткаруучулар  адам сөөктөрүн баткактан  чыгара албай жатат. 

Замира Нусубалиева, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз