Policy

Жапаровдун жакындары анын ден соолугуна тынчсызданышууда image Фото: www

6 Апр, 2017 1606

Садыр Жапаровдун жакындары экс-депутатты №1 абактан УКМКнын СИЗОсуна которуп, коопсуздугун камсыз кылууну суранууда. Алар ошондой эле туугандары менен жолуктурбай жаткандыгына нааразы болуп, ден соолугунан тынчсызданып жатышкандыктарын айтууда. Мындан тышкары, анын жакточулары Жапаровдун суицидге  баруусуна  мажбурлашкан деген пикирлерин билдиришүүдө. 25-марттагы УКМКнын жанындагы митингде укук коргоо органдарынын кызматкерлери чагымчылыкка баргандыгын белгилешти. 

Деген менен жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаровго эч кандай кысым жасабагандыгын  айтса, ИИМ милиция кызматкерлеринин дарегине айтылып жаткандарды четке кагууда. Жапаровдун маселеси парламенттин тармактык комитетинде каралаары маалым  болду. 

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз