Mass media

Түркияда конституциялык реформа боюнча референдум өттү image Фото: www

18 Апр, 2017 1397

Түркияда конституциялык реформа боюнча референдум өттү. Түрк шайлоочулардын ичинен  51.3 пайызы  конституциялык өзгөртүүлөрдү колдоп чыкты- деп  шайлоо комиссиясы кабарлады. Өлкөнүн жетекчисинин ыйгарым-укуктарын абдан  кеңейткен алымча-кошумчалар 2019-жылдан баштап  иштейт. Референдумдун расмий жыйынтыгы 11-12 күндө жарыяланат. Түркиянын мамлекеттик Анадолу маалымат агенттиги референдумда добуштардын 100 пайызы саналып бүткөнүн жарыялады.

Расмий маалымат боюнча 23 миллион 187 миң шайлоочулар парламенттик башкаруудан президенттик бийликке өткөнгө“макул ” деп жооп берди. Бул  референдумга катышкан шайлоочулардын 51,37 пайызын түзөт. Ошол эле убакта 48,63 пайыз добуш бергендер президенттик  бийлиги  дагы күчөтүлсүн деген сунушка  каршы  чыкты. Өлкөнүн юстиция кызматы мындай куугунтуктан улам жүрөгүнүн сары суусу алынып  Эрдоганга  каяша айткандан коркот. Демек жакынкы арада жаңы конституция, кабыл алынса, юстиция системасы Эрдоган жана анын  партиясына  күнкор болуп калат. Бүгүнкү күндө президент  мамлекеттеги эң таасирдүү Жогорку сот менен прокурорлор кеңешинин  курамындагы  22  мүчөсүнөн, төрт адамды өзү дайындайт. Кененирээк аудиодон укса болот. 

Талдоо маалыматын Алмаз Батилов дайындады, аны менен Бакыт Тапаев тааныштырды.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз