Кырсык

Унаа кырсыктары өлкө аймагында арбын катталууда image Фото: www

18 Апр, 2017 1018

Адам өлүмү коштолгон жол унаа кырсыктары акыркы күндөрү өлкө аймагында арбын катталууда. Эгер статистикалык маалыматтарга караганда 2017-жылдын 3 айында өлкө боюнча 1169 жол кырсыгы катталган. 

Мунун кесепетинен 148 адам каза болсо, 1686 адам денелеринен оор жарат алышкан. Алардын арасында өмүр бою майыптыктын азабын тартуу тагдырына кабылгандары да жок эмес. 

Ал эми республика аймагында орун алганы Кемин  районундагы ири эки жол кырсыгы элибиздин эсинде. Анда бир апта аралыгында эки  жол унаа кырсыгынан он бир адамдын өмүрү кыйылганы кантип зээн кейитпесин.  

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз