Экономика

Узун-Акмат суусунун боюнан алтынды чайкап алууга аймактын эли каршы image Фото: www.fresher.ru

22 Фев, 2016 1292

Токтогул районундагы  Узун-Акмат суусунун боюнан алтынды чайкап алууга, аймактын эли каршы. Алар алтын кени казылчу  жерге жакын урандын кору барын, ал экологияга зыян алып келээрин жүйөө кармашууда. Ал эми адистер Узун-Акмат суусуна жакын жерде урандын кени жок деп билдиришти

Токтогул районундагы Узун-Акмат суусунун баш жагынан алтынды чайкап алууга лицензияны алгач «Спектр» жоопкерчилиги чектелген коому алып,кийин лицензия  «Кассана Минералска» өткөн. 

Белгилей кетсек Кыргызстан боюнча Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги тарабынан жалпы жер байлыктарын иштетүүгө  1800гө жакын лицензия берилген. Анын ичинен  100гө жакыны алтынды чайкап алуу үчүн. Алтынды чайкап алуу Чаткал өрөөнүндө жана Ала-Бука районунда басымдуулук кылат.  

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз