Кылмыш

Акимов: мени өлтүрүүгө буйрук берди деп Турганбаевден шекшип турам image Фото: http://www.knews.kg/

22 Фев, 2016 1576

Турат Акимов өзүнө карата кол салууну Ички иштер министри Мелис Турганбаев уюштурганын жарыялады. Ал бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, кол салуу ишмердүүлүгүнө байланыштуу жасалганын жана атайылап өлтүрүү максаты көздөлгөнүн билдирди. Ал эми министрлик журналисттин айткандарын төгүндөдү. Акимовго 20-февралга караган түнү кол салуу болуп, жаракат алган. Эми ал өз өмүрүнөн кооптонуп, курал көтөрүп жүрүүгө уруксаат берүүнү, коопсуздугу үчүн кам көрүүнү бийликтен өтүнүүдө.

Турат Акимовдун айтымында окуя үйүнүн жанында болгон. Чымыр денелүү, спорттук даярдыктагы олбурлуу адам кол салганын, өзүнүн жаш кезде өткөргөн машыгууларынын жардамы тийип, өлүмдөн кутулганын айтат. Кармашта темир менен урулган кош сокку кулагы менен манжасын зыянга учураткан. Бул ишти тергөөнү президент Алмазбек Атамбаев өз көзөмөлүнө алып, Ички иштер министри Мелис Турганбаевге окуяга тиешеси барларды таап, жаза берүүнү тапшырган эле. Бирок, журналист кол салууну уюштурду деп министрди айыптады. Ал атайын маалымат жыйын өткөрүп, шектенүүгө негиз боло турган жүйөөлөрүн Турганбаевге кайрылуу жолдоо менен келтирди.

Урматтуу Мелис Токтомамбетович Турганбаев! Мени өлтүрүүгө  буйрук берди деп 99 пайызга сизден шекшип турам. Жардамчыңыз Рустамдын  катышуусунда өткөн кабинетиңиздеги жолугушууда айткан кыйытма сөздөрүңүздү түшүнгөнмүн.  Анын баарын талдап көрдүм. Эгерде мага жана үй-бүлөөмө карата бир нерсе болсо  экөөбүздүн ортобуздагы маектин стенограммасын жарыялаймын. Аны азырынча мен,  сиз жана жардамчыңыз гана билет. Ал эми сизге көрсөткөндө тынчыңыз кеткен  маалыматты жарыяласам эл аралык жаңжал чыгат. 

Мындай олуттуу айыптоолор айтылгандан көп узабай Ички иштер министрлиги да билдирүү жасады. Мекеменин маалымат-катчысы Бакыт Сеитовдун айтымында министр менен журналисттин жолугушуусу болгон. Анда Акимов башкы милиционерге чет элден келчү кишиге жолугууну сунуштаган. Ал эми өлтүрүүгө буйрутма берди деген айыптоону четке какты. Журналист Турганбаевден 99 пайыз шекшип турса, министр аны 100 пайыз калп деп жокко чыгарды.

Жогорку Кеңештин депутаты, журналист Рыскелди Момбеков Турат Акимовду эң мыкты журналисттердин бири деп эсептейт. Олуттуу айыптоолор орун алып жаткандан кийин эми иликтөөнү министрликтен УКМКга өткөрүп берүү туура болоорун айтат. Ошондой эле тергөө соңуна чыккыча Турганбаев кызматынан убактылуу четтеп турса деген пикирде.

Ички иштер министрлиги окуяны иликтөөнү жабырлануучу өзү каалаган мекемеге өткөрүп берүүгө макул. Ал эми кызматты убактылуу тапшыра туруу боюнча сунушка азырынча жооп айтылган жок. Турат Акимов өзүнө кол салган адамды көрсө тааный турганын белгилеп, ага 1 айдын ичинде тиешелүү чара көрүүнү талап кылды. Белгисиз жаранды укук коргоо органдарында иштейт, же кимдир бирөөнүн жансакчысы болушу мүмкүн деп боолголойт. 20-февралга караган түнү орун алган окуя боюнча “бейбаштык” беренесинин негизинде гана кылмыш иши козголгону ар кандай пикир жаратса, эми эки тараптан өткөрүлгөн маалымат жыйындан кийин бир нече суроолор жоопсуз калды. Жабырлануучу айткан эл аралык жаңжалды чыгаруучу кандай маалымат болушу мүмкүн? Же экинчи тарап белгилеген министрге жолугушууну каалаган табышмактуу кайсы адам жана ал башкы милиционерге эмнелерди билдиргиси келген? Бул азырынча бүдөмүк бойдон. Тартип коргоо мекемеси Мелис Турганбаев чуулгандуу иштердин бетин ачкандыктан, айыптоолордун артында анын душмандары да болушу мүмкүн деп боолголойт. Бирок, журналисттин айыптоолору үчүн министр сотко кайрылбайт. Кол салууга байланыштуу окуяны ачыкка чыгарууга гана аракет жумшайт. Буга байланыштуу болжолдуу маалыматтар бар, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн деген жүйөө менен ал айтылган жок.

Калыгул Асамбаев

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз