Кырсык

Жыргалаң көмүр шахтасында калган эки шахтер куткарылды image Фото: www

24 Апр, 2017 588

Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң көмүр шахтасында калган эки шахтер куткарылды. Аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, учурда ден соолугу жакшы.

Куткаруу ишине өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы бөлүмүнүн кызматкерлери менен кошо жергиликтүү тургундар катышкан.

4 миллион тоннадан ашык көмүрдүн запасы бар бул Шахта, өткөн жылы 28 тонна көмүр өндүргөн. 

Эскерте кетсек, 22-апрелде саат 17:35 тер чамасында «Жыргалаң - Дөргө көмүр» ЖЧК иштеткен көмүр шахтада уроо болгон. Шахтанын ичинде 2 адам калган. Кырсык болжол менен техникалык коопсуздукту сактабагандан улам келип чыккан.
Буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, «Жылгалаң - Дөргө көмүр» ЖЧК шахтасында калган 2 шахтерду издөө иштерине 200дөн ашык адам тартылган. 

Шахтерлор өндүрүштүк авариядан улам шахтанын ичинде камалып калган.
Кээ бир маалыматтар боюнча Кайрат Доргоев «Жыргалаң — Дөргө көмүр» ЖЧК шахтасынын ээси Б.Доргоевдин уулу болуп саналат.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз