Илим жана билим

Цукерберг: ойдун күчү менен текст терүүчү технология иштеп чыгабыз image Фото: www

26 Апр, 2017 625

Ларри Пейдж тарабынан каржылануучу Америкалык стартап учуучу автоунаанын биринчи прототибин тартуулады.Бул автоунаанын салмагы 100 кг жана бир гана жүргүнчүгө ылайыкталган.Учуучу автоунаа электр энергиясынын жардамы менен иштеп,ылдамдыгы саатына 40 чакырымга жетет.Автоунааны иштеп чыккан адистердин айтуусунда бул техниканы башкаруу үчүн эч кандай лицензия кереги жок, себеби ал жеңил аба лайнерине кирет.Учуучу автоунаа ушул жылдын аягында сатыка чыгат. Ал эми баасы азырынча чечиле элек.

Украинадагы мектептердин биринде окуучулар  3D принтер курап чыгышты. Ал принтерди чогултуу принтердин оригиналы сатыкта турган бааасынан эки эсе арзан турду. Бул принтер каалаган нерсени басып чыгарат:жөнөкөй концелярдык сызгычтан тартып үйдүн макетине чейин. Окуучулар болсо өз убагында бул принтер менен дагы бир 3D принтердин шаймандарын басып чыгууну кыялданып жатышат.

Бүгүнкү күндө Американын суу үстүндөгү куралдуу күчтөрүндө 80 офицер айым жана 50 матрос айымдар кызмат өтөйт.Ошол себептен “Электрик Бот” компаниясы айымдарга да ылайыкталган суу астында жүрүүчү кеме курууну көздөп жатат.Ал кеменин клапындары ачууга оңой болот,душ жана өз-өзүнчө бөлмөлөр жана башка нерселер айымдарга ылайыкталат.Кеме “Нью Джерси” деген атка конот ал эми биринчи кеме 2021-жылы АКШнын суу үстүндөгү куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктайт.

Facebookтун негиздөөчүсү Марк Цукерберг компания ойдун күчү менен текст терүүчү технология иштеп чыга турганын билдирди. Ал ойду окуучу техника чөнтөкө салынат, бул иштеп чыгуу бир гана текст теруү үчүн эмес смарт-техниканы башкарууга да шарт түзөт.

Улукбек Шакиров, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз