Май айы жылуу болот image Фото: www

3 Май, 2017 1375

Өлкөнүн түштүк регионунда жаан-чачын жаашы күтүлүүдө. Ал эми түндүк аймактарындагы дыйканчылык өрөөнүндө майдын экинчи он күндүгүндө абанын температурасы 27 градуска чейин жетиши мүмкүн. 

Адистер бүгүнкү күндө күндүн жылышы,  жаан-чачындын   арбын жаашы  өзгөчө  Ош,Жалал-Абад облустарында  жер көчкү менен суу ташкындарынын санын арбытышы мүмкүндүгүн эскертишет. 

Маалыматтарга караганда, азыркы  тапта  жалпы республика боюнча  4660  табигый жана  техногендик   процесс бар, анын ичинен  эң коркунучутуусу  бул- жер көчкүсү болуп саналат. 

Андай табигый кырсык каттала  турган 1109  кооптуу жерде  600  калктуу  пункт  жайгашкан.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз