Спорт

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиону аталды image Фото: gov.kg

14 Май, 2017 11908

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн экинчи жолу Азия чемпиону аталды. 

Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып жалпысынан үч беттеш өткөрдү. 

Мекендешибиз чейрек финалда казакстандык Гүлшахарат Таласованы 10:0 эсебинде утту. 

Жарым финалда жапониялык Катсуки Сакагамини 6:4 эсебинде таза жеңди. 

Финалда индиялык Сарита Сарита менен таймашып 6:0 эсебинде утуп чоңдор арасында экинчи жолу Азия чемпиону наамын жеңди.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз