Mass media

"Фабула": Жээнбеков өңчөй чоңдорду сөктү image Фото: www

16 Май, 2017 1097

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Фабула" "Азуусун көрсөтүп" деп,  Жээнбеков өңчөй чоңдорду сөктү деген теманын алдында жарык көрдү. Бул сандын башкы макаласы жол министрлери кудум кол чатырларча алмашылса да, иштин көзүн билбегендер келип жатабы айтор, жолдордун акыбалы начарлагандан начарлап мышык ыйлаарлык абалга келип жеткенин сереп салган Жолчулардын жоругу деп аталды. 

Деги бүгүнкү күндө бир километр жолдун баасы канча?  Мына ушул суроо эл өкүлдөрүн да кызыктырып, бирок транспорт жана жол министринин орун басары Азимжан Жусубалиев так жооп бере албай ар бир жолго ар кандай баа коюларын айтып алакан жайганына чейин жазып, жолдун баасы алтынга тете болду го деп, Эсептөө палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимованын маалыматы боюнча Кыргызстанда 1 км жолдун баасы 0,7 миллион доллардан 3,1 миллион долларга чейин экенин бирок ушундай олчойгон каражат коротуп  салдырган жолубуздун иштөө мөөнөтү болгону 5 жылга эле жетээри ал эми мисалы АКШ менен Германияда  орточо 2,4 миллион доллардан 4,2 миллион долларга салынган жолдор 30 жылдык мөөнөт менен салынарын да мисал кылды бул баш макала. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз