ММК

Манастын аброюна шек келтиргендер кимдер? image

18 Май, 2017 1911

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Азия Ньюс" "Абдышүкүр, Чубак сымал”турист ажыларды ким тыят? деген теманын алдында жарык көрдү. Бул тема гезиттин 10-бетинде  КРнын Талас облусундагы ыйгарым өкүлү Дайыр Кенекеевге КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Заирбек  Эргешевге, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевге  багышталган кайрылуу катары орун алган. Кайрылуу “Манас Ордо” коомунун төрагасы Анарбек Усупбаевден жазылып, “Абдышүкүр, Чубак, Өзбек, Турсунбай сыяктуу “турист” ажыларга эскертүү” деп аталды. Кайрылуунун жазылган себебин автор Талас облустук мусулмандар казыятынын казысы Бапиевдин Кара-Буура районунун Ак-Жар айылынын мусулмандарына кайрылган катына жооп кылынганын, Бапиев ислам динини Абу Ханаби мазхабынын негизи эмнеде экенини түшүнбөгөнүнөн улам кайрылып  жатканын белгилейт. 

Биз кыргыздар, деп жазылат анда Мухамбет пайгамбардын жана Манас бабабыздын абройлоруна эч кандай шек келтирбешибиз абзел. Теңирдин арабчасы болгон Аллах бийик жана ар дайым биз менен. Ал ар дайым жалгыз гана арабдарды эмес, жалпы бизди мусулмандарды түшүнөт. Аллах өзү жараткан бардык тилди түшүнөт. Динде тил эмес, дил эң маанилүү болуп саналат деп айтылат. Терең таанышам десеңиз бүгүнкү "Азия Ньюсту" караңыз. Кененирээк аудиодон уксаңыз болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио" 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз