Culture

"Кыргыз Туусу": "Апамды издеп” тасмасы Европада көрсөтүлүүдө image Фото: www

19 Май, 2017 1857

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Кыргыз Туусу" “Бир алкак –бир жолдон” алынган "Өз ара түшүнүшүү- жакшы мамилеге өбөлгө" деген башкы теманын алдында жарык көрдү. Келечекке умтулгандар үчүн керектүү долбоор туурасында кеңири маалымат берилди. Президенттин иш күндөлүгү мындан башка Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдиль Сегизбаевди кабыл алган "Өлкө коопсуздугу  аракетке жараша" деген маалыматты,  өлкө президентинин көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы”медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койгонун жазды. Өлкө президентине жолдонгон кайрылууга да алгачкы бетинен орун берилген. 300дөн ашуун адам кол койгон кайрылуу президенттин "Элдик курултай” идеясын жалпы эл колдойт деп аталды. 

Саясат саптан окуп алыңыз. КСДП Жээнбековду тандады деген макала саясат, маданият чөйрөсүндө, коомдук иште жүргөн айрым аттуу баштуулардын талапкер тууралуу ойлору менен толукталып жазылды. Көпчүлүгү  Жээнбеков тууралуу ушул убакка чейин жаман сөз угуша электигин, партиянын саясий кеңеши туура эле чечим кабыл алганын айтып кубатташкан.”Кыргыз Туусу”-пресс бурчу Корейлер менен иштешсек алдыга кетебиз дегенди, ажы башчылар сынактан өтүп жатканын, Сүйүн Откеевдин “Эл укпасын” кино тасмасы жарык көргөнүн, “Апамды издеп” тасмасы Германия менен Францияда көрсөтүлүп жатканын,  чет элдик жарандарга Кыргызстандан 66 бала асыранды болуп кетишкенин, Ошто өткөн сулуулар конкурсунда  катышуучулар жөнөкөй суроолорго жооп берүүдө кыйналышканын маалымдаган Сулуулар тарыхты билишпейби дегенди жазды. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз