Кыргызстан жаңылыктары

Ош шаарында бүтүрүүчү студенттерге бош жумуш орундары сунушталды image Фото: www

19 Май, 2017 3818

Иш-чараны Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы өткөрдү. Жарманкенин алкагында Ош мамлекеттик социалдык университетинин студенттерине төрт миңдей жумуш орундарын сунушташты. 

Ош шаардык миграция кызматы бул жолку жарманкени Ош мамлекеттик социалдык университетинде уюштурду. Адистиктер негизинен билим берүү, курулуш тиричилик, ашпозчулук жаатында. 

Иш чаранын жыйынтыгында 50дөн ашуун студенттер жумушка орношуу, акысыз курстарга окуу боюнча жазылышты. Ушундай эле жарманке буга чейин Ош МУ, ОшТУда өткөн. Эми сентябрь айында уюштуруу пландалууда. Себеби окуу жылынын башында жаштарга адистиктер боюнча кошо маалыматтар берилет.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио", Ош шаары


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз